Кыргыз өкмөтү мамлекеттик менчиктеги жерлерди берүү тартибин өзгөртүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Ал долбоор мэриялардын жерлерди башкаруу ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган.

Долбоордун негизги жаңылыктарынын бири – президенттин чечими же тапшырмасы менен мамлекеттик жерлерди соода өткөрбөй, түздөн-түз физикалык жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет элдик компанияларга 50 жылга чейин ижарага берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Бул жерлер улуттук инвестициялык долбоорлордун алкагында курулуш, долбоорлоо жана пайдалануучу объектилер үчүн ажыратылып берилет. Анын максаты – инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду жүзөгө ашырууну жеңилдетүү.

Мындан тышкары, долбоор мамлекеттик жердин ижара укугун залог катары берүү укугун киргизүүнү сунуштайт. Бул үчүн тиешелүү мамлекеттик орган менен жер пайдалануу укугу бар компаниянын макулдугу талап кылынат. Учурдагы тыюу банк жана эл аралык финансылык уюмдар тарабынан каражат тартууга тоскоолдук кылууда.

Ошондой эле, административдик-территориялык реформациядан кийин шаарлардын чек аралары кеңейгендиктен, шаардык өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнө караган жерлер боюнча толук башкаруу ыйгарым укуктары бекитилет.

Землю без торгов смогут отдавать инвесторам на 50 лет по поручению президента
24.kg