Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Ташиев «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомундагы коррупциялык иштер боюнча айыпталуучу катары каралууда. Бул иш Салык кызматынын иликтөөсүнө таянып ачылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көмүскө ортомчулук схемалары жана күмөндүү эсепке чыгарылган чийки заттар аркылуу мамлекеттик ишканага 4 миллиард сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталган.

Ранее по теме15-июль: Бишкек жана аймактарда жарык үзгүлтүккө учурайт

Шайырбек Ташиев коррупциялык айып менен 1-апрелде кармалган жана ошондон бери тергөө абагында камакта отурат.