31-июлда Кара-Куль шаарында көрбөй жана укпай калгандардын кыймылын жеңилдетүү максатында мобилдик телефондор бөлүнүп берилди.
Аземге Кара-Куль жана Таш-Күмүр шаарларынын Көр жандар жана угпаган адамдар коомунын төрагасы Акылжан Жуматаева, ошондой эле шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Телефондор Кыргыз Республикасынын Көр жандар жана угпаган адамдар коомунун борбордук башкармалыгынын демилгеси менен берилди.
Телефондор сим-карталар менен бирге тапшырылгандыктан, жарандар жакындары жана тиешелүү мекемелер менен байланыша алышат.
Ошондой эле, алар «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу ар түрдүү кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.



