31-июлда Кара-Күл шаардык кеңешинин кезексиз XX сессиясы болуп өттү. Сессияга 26 депутаттын жана шаар жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.

Сессияда жаңы депутат катары Эрлан Абылов тааныштырылып, ага депутаттык мандат тапшырылды. Ал мурдагы «Таза Булак» фракциясынан депутат Кармышов Нурболот Тимурлановичтин ордун ээледи.

Сессияда 2026-жылга карата шаар бюджети боюнча өзгөртүүлөр каралып, талкууланды.

Андан тышкары, Чубак ажы Жалилова көчөсүндөгү 2401,42 чарчы метр аянттагы жер тилкеси Кара-Күл аскердик комиссариатына туруктуу пайдаланууга берилүү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Мындан сырткары, шаардык мэрия тарабынан жеңилдиктерге ээ эмес жарандарга бир жолку материалык жардам көрсөтүү тартиби бекитилди.

«Ар башка» бөлүмүндө бир топ маселелер боюнча пикир алмашуу уюштурулду. Жыйындын жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер каралып, сунуштар менен толукталды жана тиешелүү токтомдор кабыл алынды.