Кыргызстанда жыл сайын 7-ноябрды Маалымат жана басма күнү катары белгилеп келет. Бул майрамга байланыштуу журналист Разия Кошматова өзүнүн кызмат өтөгөн жылдары тууралуу айтып берди.

Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү болгон Разия Кошматова журналистика тармагында жалпысынан 45 жыл эмгек кылган. Ал ошол эле учурда 20 жыл бою мектепте мугалим болуп иштеген.

Журналисттин эмгек жолу 1979-жылы Базар-Коргон районунун жаңыдан түзүлгөн учурунда «Эмгек жалыны» гезетинен башталган. Ал алгач секретарь-машинист болуп иштеп, андан кийин корректор кызматына өткөн.

Совет доорундагы басма эмгеги

Разия Кошматова өзүнүн тажрыйбасына таянып, ошол кездеги райондук жана шаардык гезиттер мамлекеттик көзөмөлдө болгонун белгиледи. Совет доорундагы полиграфия тармагында иштөө абдан татаал жана оор физикалык эмгекти талап кылган.

Кара-Көл шаарынын тургуну болгон журналист «Кылым шамы» жана «Кара-Көл 50 жыл» аттуу китептердин автору. Бул чыгармаларда шаардын курулушу, ГЭСтер жана совет доорундагы эмгек өндүрүүчүлөр тууралуу тарыхый маалыматтар камтылган.