Президентдин Талас облусуна болгон иш сапары аймактын өнүгүүсүнө жаңы багыт берди. Бул учурда Президент Талас шаары, Бакай-Ата, Талас, Айтматов жана Манас райондорунун акыркы беш жылдагы ийгиликтери менен таанышып, ишке ашырылган долбоорлорду жана келечектеги пландарды талкуулады. Ошондой эле жергиликтүү калктын көйгөйлөрү угулду.

Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү

Акыркы жылдары Талас облусунун экономикалык абалында олуттуу жылыштар байкалууда. Президенттин маалыматтарына таянсак, облустун бюджети бир нече жыл ичинде эки эседен ашык өскөн.

Облустун бюджети640 млн сом сом1 млрд 268 млн сом сом +56%

Мындан тышкары, 2026-жылга 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бюджет бекитилген. Тогуз айдын ичинде республикалык бюджеттен 8 млрд 638 млн сом каржылоо жүргүзүлгөн. Ал эми 2026-жылы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Турукташтыруу фонду жана «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу кошумча 5 млрд 543 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттар жолдорду оңдоого, таза сууга жана ирригациялык системаларды өнүктүрүүгө жумшалат.

Айтматов районундагы өнүгүү

Райондук деңгээлдеги ийгиликтерди Айтматов районунун мисалында көрүүгө болот. Аталган райондо инвестициялардын көлөмү кескин жогорулаган жана жаңы объекттер курулган.

Айтматов районунун көрсөткүчтөрү

1,6 млрдтартылган инвестиция (сом)
41ишке кирген өнөр жай объектиси
44социалдык объект

Айтматов районунун бюджети 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго чейин өскөн, ал эми 2026-жылы бул көрсөткүч 625 млн сомго жетет.