Адвокаттын айтымында, эстеликти орнотуу идеясы Сузак районундагы айланма жолдо Мундуз уруусунун өкүлдөрүнөн чыккан. Ага мурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, скульптор Алмаз Укуев жана заказчы Абдылдабек Кочорбаев тиешелүү. Бирок адвокат Ташиев эстеликке буйрутма берүүгө катышпаганын баса белгиледи.
Кочорбаев менен Укуев скульптураны жасоо боюнча оозеки макулдашышкан. Адвокаттын версиясына ылайык, иштин баасы 6 миллион сомду түзгөн, анын 3,6 миллионун заказчы алдын ала берген. Бирок тергөө материалдарында алдын ала төлөм 3,4 миллион сом деп көрсөтүлгөн.
Иш аяктап калганда, заказчыга натыйжа жакпай калган. Тараптар оңдоолорду киргизүүгө макулдашышкан, бирок иш аяктаганга чейин төлөм боюнча талаш чыккан. Скульптор калган сумманы талап кылса, Кочорбаев скульптура бүткөндөн кийин гана төлөй турганын айткан. Макулдашууга жетише алышкан эмес.
Андан соң Алмаз Укуев Кара-Буура милициясына кайрылган. Адвокаттын айтымында, скульптор басым, коркутуулар тууралуу арыз жазган.
Адвокат Агзам Душеналиев скульптордун жана ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосуновдун эл алдындагы билдирүүлөрү презумпциянын бузулушуна алып келет деп эсептейт. Ал ушул себептен эки адамга тең даттануу жаза турганын билдирди.
























