Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, изилдөө 2026–2028-жылдарга карата эл аралык программанын алкагында ишке ашырылат. Изилдөө учурунда кызамык, көк жөтөл, дифтерия, селейме жана суу чечек сыяктуу ооруларга каршы калктын иммунитетинин абалы бааланат. Ошондой эле айрым зооноздук жана табигый очоктуу инфекциялардын таралышы изилденет.
Изилдөөнүн мурунку этабында 6 617 адам катышкан. Алынган маалыматтар иммунитети төмөн топторду аныктоого жана оорулардын алдын алуу чараларын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген. Жаңы этаптын жыйынтыктары өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун чыңдоого жана иммунитеттин өзгөрүүлөрүн баалоого жардам берет.









