Ош шаарында өткөн эл аралык волейбол мелдешинде Бишкектин СДЮШОР СИ спортчулары жеңишке жетти. Аталган мелдештерге жалпысынан 12 команда катышты. Бишкектик спортчулардын ийгилиги алардын командалык ишинин жана жакшы даярдыгынын натыйжасы болду деп белгиленди.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, мелдештин жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй жыйынтыкташты:

  1. СДЮШОР СИ (Бишкек) — 1-орун
  2. Манаса командасы — 2-орун
  3. Алматы (Казакстан) командасы — 3-орун

Жеңүүчүлөрдү жана алардын машыктыруучуларын ийгилик менен куттуктап, мындан аркы жетишкендиктерди каалоо айтылды.