Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун Кара-Балта, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен болгон жолугушусунда айтылган кайрылууларга жооп катары «Джунда» ЧПК коомчулукка түшүндүрмө берди. Ишкана калктын пикирин сыйлаарына жана ачык диалогду маанилүү деп эсептейрине басым жасады.
Биз тургундардын пикирин сый менен кабыл алабыз жана калк менен ачык диалогду, экологиялык коопсуздукту жана кызматкерлерге кам көрүүнү өз ишмердүүлүгүбүнүн маанилүү багыттары деп эсептейбиз.
Экологиялык модернизациялоо
Азыркы учурда ишкана өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун акыркы этабында турат. Бул иштердин жыйынтыгында атмосферага бөлүнүп чыгуунун көлөмү кыскарат деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, мунай продукцияларын сактоо жана ташуу цехинде мунай бууларын кармап калуу жана кайра иштетүү боюнча жаңы установка орнотулуп жатат. Бул технология мунай бууларын кармап алып, аларды кайра өндүрүш процессине кайтарууга жана алардын абага чыгып кетүүсүн азайтууга мүмкүндүк берет.
Бюджетке төлөнгөн төлөмдөр
Ишкана тарабынан экологиялык коопсуздук жана бюджеттик төлөмдөр боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилди:
2024-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде Кара-Балта суу каналга таштанды сууларды чыгаруу үчүн 68 миллион сомдон ашык каражат которулган. Ошондой эле, 2023-жылдан 2026-жылга чейинки аралыкта компания Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бюджетине дээрлик 80 миллион сом өлчөмүндө салык төлөдү.













