Жаштар жумалыгы «10-ноябрь — Жаштар күнүнө» карата жарыяланган. Анын алкагында 4-ноябрда Акназаров айыл өкмөтүндө жаштардын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле шахмат оюнун өнүктүрүү максатында спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Катышуучулар шахмат, футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештерге катышышты. Мелдештер жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга, сергек жашоого үндөөгө, достукту, ынтымакты жана командалык биримдикти бекемдөөгө багытталган.
Жеңүүчүлөр сыйланды
Иш-чаранын аягында жеңүүчүлөр аныкталып, демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.












