Кадамжай шаарынын мэри Алтынбек Мурзажанов мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук администрациясы ырастады.

Окуя 26-сентябрга караган түнү, саат 02:00 чамасында болгон. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖККБ) кызматкерлери жолдо шектүү кыймылдаган унааны токтотушкан. Айдоочудан спирт ичимдигинин жыты келип жатканы байкалган.

Айдоочу медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн наркология бөлүмүнө жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы анын мас абалында экенин көрсөткөн.

Блогер Эртай Искаковдун айтымында, кармалган айдоочу Кадамжай шаарынын мэри Алтынбек Мурзажанов экени аныкталган. Сот аны унаа айдоо укугунан эки жылга ажыратып, 80 миң сом айып салган. 11-октябрда сот материалдарды кайра карап, мурунку чечимди күчүндө калтырган.

Баткен облустук ЖККБ басма сөз кызматы мас айдоочунун кармалганын ырастап, бирок анын атын атаган эмес.

Алтынбек Мурзажанов Кадамжай шаарынын мэри кызматына 2024-жылдын декабрь айында дайындалган.