Баткен облусунун Кадамжай шаарында жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө жүрүп жаткан инспекторлор тарабынан «Toyota Camry» маркасындагы кызматтык унаа токтотулган. Ушул тууралуу маалыматты ООБДД (Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү) билдирген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, текшерүү учурунда айдоочунун деминен алкоголдын жыты келип, ал белгиленген тартипте наркологиялык бөлүмгө медициналык текшерүү үчүн алып барылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, айдоочу мас абалда болгону тастыкталган.

Айып жана чечими

80миң сом
2жыл