Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Universidad Europea del Atlántico университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаарынын мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев жана муниципалитет аппаратынын жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев катышты.

Түштүк борбордун бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, жогорку окуу жайдын өкүлдөрү шаарда филиал ачуу жана кампус куруу боюнча демилге менен келип, долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранышкан.

Муниципалитет бул долбоорго кызыгуусун билдирип, ылайыктуу жер тилкесин берүүнүн мүмкүн болгон варианттарын карап чыгууга даяр экендигин айтты.

Бул долбоордун ишке ашышы чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Ош шаарынын, ошондой эле чектеш аймактардын жаштары үчүн жогорку билим алууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.

Учурда университет Кыргызстандын бир нече региондорун, анын ичинде Ош, Бишкек жана Ысык-Көл облустарын кампус ачуу үчүн мүмкүн болгон аянттар катары карап жатат.