Кыргызстанда весна мезгилинде өткөрүлгөн айыл чарбасын каттоо иштеринин алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду. Улуттук статистика комитети тарабынан берилген маалыматка таянсак, өлкөдө кой менен эчкилердин саны 7,1 миллион баштан ашат.
Аталган иш-чара мал-жандыктын жана үй канаттарынын абалы, ошондой эле өлкөнүн айыл чарбасынын түзүмү жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат алуу максатында өткөрүлдү.
Мал-жандыктын саны
Айыл чарбасын каттоо иштери 20-марттан 10-апрелге чейин, малдын жана үй канаттарынын көбөйүү мезгилинде жүргүзүлгөн. Жыйынтыкталып алынган маалыматтар агрардык саясатты иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айыл жерлерин туруктуу өнүктүрүү үчүн негизги курал болот.









