Немис автомобил өндүрүүчүлөрү дүйнөлүк рынокто Кытайлык бренддердин күчтүү атаандаштыгына туш болуп, өндүрүштүк чыгымдарды үнөмдөө үчүн кызматкерлерди кыскартууга өтүүдө.
Европанын ири автомобил компаниясы Volkswagen жакында 100 миңден ашык жумуш орундарын кыскартууга, ошондой эле Германияда жайгашкан төрт заводу жабууга ниеттенгенин жарыялады.
Volkswagen компаниясына кирген Audi да 2029-жылга чейин 7500 жумуш ордун жоюу пландарын түзүп жатат.
Бул кадамдар Германиянын автомобил өндүрүш секторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу болуп, компаниялар атаандаштыкты күчөтүү жана чыгымдарды азайтуу багытында аракет көрүүдө.








