Бириккен Араб Эмираттарында Flydubai авиакомпаниясынын басып алынмакчы болгон учагын коопсуз кондурган учкучтардын ысымдары расмий түрдө ачыкталды. Бул тууралуу 24.kg маалымдайт.

Инцидент 30-сентябрда Дубайдан Тель-Авивге FZ1073 каттамы менен учуп бараткан Boeing 737 MAX 8 учагында болгон. Кабинадагы жаңжалдан кийин учак Сауд Арабиясынын Табук аэропортуна шашылыш конууга аргасыз болгон.

Экипаждын экинчи учкучу командирге кол салгандан кийин, эки учкуч учакты башкарууну колго алып, аны Сауд Арабиясында коопсуз кондурушкан.
Окуянын чоо-жайы

Учакты кондурууга жардам берген учкучтар — Фиджиден Хенсон Стивен, мурда Fiji Airways авиакомпаниясында Boeing 737 учагын башкарган, жана Түштүк Африканын Кимберли шаарынан Роуэн Тут. Алар негизги экипаж катары эмес, кайра кайтуучу каттамда учакты башкаруу үчүн бортто болушкан.

Негизги версия боюнча, экинчи учкуч командирге бычак менен кол салып, учакты башкарууну өз колуна алууга аракет кылган. Күрөш учурунда учак кыска убакытка бийиктигин кескин жоготкон. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, адегенде кабинадан кыйкырык угулуп, андан кийин эшик ачылып, бир учкучтун жарадар болгонун, кийими канга боёлгонун көрүшкөн.

Борттогулар

174жүргүнчү жана экипаж мүчөсү
27бала

27-октябрда БАЭ президенти экипаж мүчөлөрүн өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири — Заид II орденинин биринчи даражасы менен сыйлаган.