7-июлда Манас эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясына таандык McDonnell Douglas MD-83 учагы (регистрация номери ЕX-80003) Бишкек-Ош каттамына даярдалып жаткан учурда шассинин сол жагындагы негизги стойкасы майып болгон.
Учуу алдында рулдоо процессинде шасси бузулушу байкалып, учак токтотулуп, учкучтар тиешелүү коопсуздук процедураларын аткарган.
Бул окуя боюнча расмий иликтөө башталат, анын жыйынтыгына чейин Maамлекеттик жарандык авиация агенттиги TezJetтин бардык учууларын убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
Учак Манас аэропортунун учуп-кунуучу тилкесинен эвакуацияланып жатат, бул аймактагы каттамдарда кечигүүлөр болушу мүмкүн.
Авиация агенттиги кырдаалды көзөмөлдөп жатканын жана иликтөө аяктагандан кийин гана белгилүү маалыматтар жарыяланарын эскертти.











