Талас шаарында 15-августта эл аралык веломарафон башталды. Марафонго Кыргызстандын ичинен жана чет мамлекеттерден жалпы 300гө жакын велоспортчу катышууда.
Велосипедчилер Таластан жолго чыгышып, финалдык пункту Чолпон-Ата шаары болот. Бул жылы марафондун жалпы узундугу болжол менен 2000 километрди түзөт.
Жарандар жана велоспорт күйөрмандары катышуучуларды тосуп, колдоо көрсөтүштү. Марафон негизги максаты — Талас областынын туристтик потенциалын жогорулатуу.








