Москва шаарында 70 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан эл аралык омбудсмендер форуму өтүүдө. Бул жолугушуунун маанилүү өзгөчөлүгү — альянска Ирактын Укуктар боюнча жогорку комиссиясы жана Пакистандын Пенжаб провинциясынын омбудсмени кошулду. Учурда бирикмеде 13 катышуучу бар.
Альянстын курамынын кеңейиши жарандардын көйгөйлөрүн тезирээк чечүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Россиядагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Яна Лантратова белгиледи.










