Декабрь айынын башында Кыргызстан менен Россияда биргелешкен укук коргоо борборунун филиалдары иштеп баштайт. Бул тууралуу Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова Москвадагы Евразия омбудсмендери альянсынын XI жыйынында билдирди.
Борбор эки өлкөнүн жарандарына жашоодо оор кырдаалга туш болгон учурларында көмөк көрсөтөт. Омбудсмендер кайрылууларды кабыл алып, аларды коштоп, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беришет.
Лантратованын айтымында, борбордун ишмердүүлүгү жабырлануучуларга жардам берүү менен гана чектелбестен, адам укуктарынын бузулушунун алдын алууга жана укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган.






