Кыргызстандын аймагына ак кант алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул чечим өлкөнүн ач оок коопсуздугун сактоо жана ички кант рыногун турукташтыруу үчүн кабыл алынды.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган токтомдо бул чаранын негизги максаттары көрсөтүлгөн. Алар ички рынокдун иштешин камсыз кылуу, тамак-аш азыктарынын баасын турукташтыруу жана өлкөнүн кант тармагындагы чийки зат менен кайра иштетүү базасын сактап калуу болуп саналат.
Ошондой эле бул чечим Кыргыз Республикасынын кант рыногун өнүктүрүүгө багытталган.







