Ак-Суу айылындагы «Жылдыз-Нуру» бала бакчасынын тарбиялануучулары кыргыз тилинин маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн атайын иш-чарага катышты. Бул майрамдын программасы кочулардын тарыхын, каада-салттарын жана кыргыз элинин бай маданиятын камтыган.
Иш-чара балдардын сөз байлыгын арттырууга, кыргыз тилинде эркин сүйлөө көндүмдөрүн өстүрүүгө, ошондой эле өз тилине жана улуттук маданиятка болгон сүйүүнү тарбиялоого багытталган.
Тарбиячылардын айтымында, «Эне тилим – элимдин байлыгы» аттуу бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил саясатын жана мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартын ишке ашыруу максатында уюштурулган.
Майрам учурунда кичинекей балдар кыргыз тилинде ырларды аткарып, ырларды жаттаган жана кызыктуу оюндарды ойношту. Бул иш-чара аркылуу балдардын эне тилине болгон мамилеси тереңдетилет.








