Борбордук Азиядагы туристтик кызматтардын көптүгү аймактын туристтер үчүн жагымдуулугун арттырат. Эксперт Эльдар Шабданов радио эфирүндө туристтердин психологиясы менен региондун мүмкүнчүлүктөрүн байланыштырып түшүндүрдү.
Анын айтымында, турист Борбордук Азия боюнча пакеттик тур сатып алганда, өзүнүн туура чечим кабыл алганына ишенет. Ал муну соода борборуна мисал келтирип, адамдар бир дүкөнгө эмес, көптөгөн дүкөндөр бар чоң борборго барганын белгиледи.
Шабдановдун маалыматы боюнча, мисалы Түндүк Америкадан келген турист үчүн Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда айырма жок. Ошондуктан, региондогу өлкөлөрдүн бири-бири менен атаандашуусу маанисиз экенин айтты.
Ошондой эле, эксперт Кыргызстандын Президенти Иссык-Көлдөгү акыркы жолугушууда туристтер чек арадан оңой өтүшү үчүн бирдиктүү Борбордук Азия визасын киргизүүнү сунуштаганын кошумчалады.








