ИнсанЭскерүүлөр: 4

Экономика жана коммерция министрлигиндеги маалыматка ылайык, өлкөдө дыйканчылар жер иштетүү жана түшүм жыйноо үчүн техниканы ижарага алса боло турган 40га жакын машина-трактор станциясы түзүлгөн.
Экономикалык өсүш жылдык 8-10% деңгээлинде сакталса, Кыргызстандын Ички дүң продуктусу 2030-жылга карата 30 миллиард доллардан ашык өлчөмгө жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Аслан Мусабеков билдирди.
Экономика жана коммерция министрлиги 2030-жылга чейинки өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын алкагында пландаштырылган 670 иш-чаранын жүрүшүн мониторингдөөдө. Мамлекеттик органдардын иши этап-этабы менен бааланып, жыйынтыктар 2026-жылдын аягында чыгарылат.
2026-жылдын январь-октябрь айлары аралыгында Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруунун алкагында 87 жаңы ишкана өз ишин баштады. Экономика министрлиги жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жана чийки затты өлкө ичинде кайра иштетүү артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.