Талас шаарында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө Адилет үйүнүн жаңы төрт кабаттуу имаратынын курулушу башталды.

Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, Жогорку соттун Талас облусундагы соттук департаменттин башчысы Кубат Манапбаев, ошондой эле Талас облусунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын жана "Талас жашыл чарба" ишканасынын өкүлдөрү курулуш аянтына келип, жүк ташуучу унаалардын кирүүсү жана чыгышы боюнча маселелерди карашты.

Жаңы имараттан бир катар цоколь кабат кошулган төрт кабаттуу имарат курулат.

Адилет үйү Талас шаарында, Чыңгыз Айтматов көчөсү, 351 дарегинде жайгашмакчы.

Курулуш объектиси тууралуу

5295,4 м²жер аянты
5954,27 м²жалпы имарат аянты
4кабаттар саны

Бул имараттын пайдубалына капсула салуу аземи ушул жылдын август айында өткөрүлөт.