Жалал-Абад облусундагы Аксый жана Ноокен райондорунда жаңы райондук соттордун имараттарын куруу боюнча расмий иш-чаралар өткөрүлүп, курулуштун алкагында «мыйзам капсулалары» салынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев бул жаңы имараттар соттордун иштөө шарттарын заманбап деңгээлге көтөрүп, соттук процесстерди уюштуруунун сапатын жакшыртарын белгиледи.
Жогорку сот төрагасы сот имараты — бул жөн гана административдик объект эмес, мамлекеттин маанилүү институту экенин, ал жерде мыйзам үстөмдүгү, адилеттик жана адам укуктарынын сакталышы камсыздаларын айтты.
Сот инфраструктурасынын өнүгүшү сот адилеттүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Аксый жана Ноокен райондорундагы соттордун кызматкерлери












