Бишкек шаарында 17-23-август күндөрү аялдар арасында Азия чемпиондор лигасынын квалификациялык турнири өтөт.

Кыргызстанды улуттук чемпион «Илбирс» командасы жетектейт жана ал В топтогу командалар менен беттешет.

Турнирге Гонконг, Камбоджа, Кыргызстан жана Филиппин өлкөлөрүнүн чемпион командасы катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, эң мыкты команда кийинки баскычка өтөт.