Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, Шералиев көчөсүндөгү Арча-Бешик конушунда жаңы коомдук аянтча ачылды. Бул мейкиндик жарандардын активдүү жашоо образын колдоо жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн түзүлгөн.
Ачылыш аземине Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кенештин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Расул кызы Миргул жана Тилек Асылбеков, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Шаар башчысы жаңы объекттин ачылышы менен тургундарды куттуктап, бардык жаштарга спорт менен машыгуу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Аянтчанын мүмкүнчүлүктөрү
Жаңы аймактын жалпы аянты 0,6 гектарды түзөт. Коомдук аянтчада футбол жана баскетбол аянтчалары, эки воркаут зонасы, чатырдын астындагы шахмат аянтчасы жана эки бала оюн аянтчасы жайгаштырылган. Ар кандай жаш өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктары эске алынып түзүлгөн.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында балдар аянтчалары атайын резина каптама менен жабдылган. Ошондой эле ички жөө жүрүүчү жолдорго брусчатка төшөлгөн, сырткы жарыктандыруу системасы орнотулуп, отургучтар жана таштанды урналары коюлган.
Ачылыш иш-чарасы Бишкек мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана ата мекендик артисттердин катышуусундагы майрамдык концерт менен коштолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэр Ленин райондук администрациясынын башчысына коомдук аянтчанын айланасында жолдорду куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.























