Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Болотбек Борбиев Токтогул районунун Иманалиев айыл аймагында 850 эскирген электр тирөөчтөрүн алмаштыруу зарыл экенин билдирди. Бул маселе айылдагы туруктуу электр үзгүлтүктөрү менен түздөн-түз байланыштуу.
Шамал соккондо эле свет дайыма өчүп калат.
Депутат жергиликтүү айылдык кеңештердин депутаттары менен жолугуп, айыл аймагынын эң актуалдуу социалдык жана инфраструктуралык маселелерин талкуулаганын айтты. Ал Министрлер Кабинетине айтылган бардык маселелер боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
Ошондой эле Борбиев жолдорду куруу боюнча Транспорт министрлигине ыраазычылык билдирди. Бул жылы Уч-Терек — Бууракан — Ичке-Сай — Озгоруш айлана жолунун 5 чакырым бөлүгү асфальтталды.
Жолдорду асфальттоо боюнча маалымат
Асфальтталбай калган 12,5 чакырымдык участукту 2027-жылы бүтүрүү зарыл экени белгиленди.
Мындан тышкары, депутат жер ээлигин тариздөө маселесин да көтөрдү. Бүткүл республика боюнча 1990-жылдары сарайларды, жер участокторун же жер үлүштөрүн менчикке алган 2300ден ашык жаран дагы деле документ ала албай жатышат.







