Кыргызгидромет Бишкек шаарындагы аба ырайы боюнча маалымат берди. Ал боюнча 26-ноябрдан тартып 2-декабрга чейинки күндөрү аба ырайы ар түрдүү болот.

Күндөр боюнча прогноз

  • 26-ноябр — жаансыз күн
  • 27-ноябр — жаан жаашы мүмкүн
  • 28-ноябр жана 29-ноябр — жаансыз
  • 30-ноябр — түндө жаансыз, күндүз жаан болушу ыктымал
  • 1-декабрь — түндө жаансыз, күндүз жаан болушу мүмкүн
  • 2-декабрь — түндө жаан, күндүз жаансыз

Шамалдын багыты жана күчү

Аба ырайына ылайык, шамал батыш тараптан согуп, анын ылдамдыгы секундасына 4 метрден 9 метрге чейин болот. 26-ноябр күндүз жана 27-ноябр күнү шамалдын күчү секундасына 14 метрге чейин күчөшү мүмкүн.