Мектептеги окуу программасы менен Жалпы республикалык тестирлөө (ОРТ) тапшырмаларынын ортосунда чоң айырма бар экени айтылууда. Бул себептен жакшы окуган окуучулар да тестирлөөгө даярдануу үчүн кошумча репетиторлорго кайрылууга мажбур болушууда. Бул тууралуу «Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында Жогорку Кенештин депутаты Гүлай Машрапова билдирди.

Депутаттын айтымында, мектеп программасы негизинен предметтик билимдерди алууга багытталган, ал эми ОРТ окуучунун логикалык, аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүсүн, ошондой эле аналогияларды табуу жана тест менен иштөө жөндөмүн текшерет.

Бала 12 жаштан баштап бир программа боюнча окуйт, ал эми мектеп бүткөндөн кийин анын келечеги мектепте иш жүзүндө үйрөтүлбөгөн логикалык тапшырмалар аркылуу чечилет.
Гүлай Машрапова, Жогорку Кенештин депутаты

Мындай кырдаал айрыкча айыл жерлеринде жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын теңсиз абалга салып койгондугу белгиленди. Анткени алар кошумча сабактар үчүн акча төлөөгө мүмкүнчүлүккө ээ эмес.

Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында иштелип жаткан кыргыз тили боюнча жаңы окуу куралдарына да көңүл бурулду. Машрапованын маалыматы боюнча, бул китептерде ОРТ тапшырмаларында кездешүүчү логикалык байланыштарды издөө жана аналогияларды табуу боюнча көнүгүүлөр каралган эмес.

Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Надира Джусупбекова жооп кайтарып, мурунку моделдеги кемчиликтерди жоюу үчүн билим берүү системасы модернизацияланып жатканын айтты.