Жогорку Кенештин отурумунда депутат Эрулан Кокулов интернет жана банктык кызматтарды колдонуу менен жарандарды алдап жаткан кылмышкерлерге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. Алдамчылар мамлекеттик органдардан тезирээк аракеттенип жатканын белгиледи.

Депутаттын маалыматы боюнча, кылмышкерлер адамдарды адаштыруу жана акчасын алуу үчүн президент Садыр Жапаровдун, депутаттардын жана башка белгилүү адамдардын сүрөттөрүн жана жүздөрүн колдонууда.

Сиздер алдын алуу иштерин жүргүзүп жатасыздар, бирок аны эч ким көрбөйт жана билбейт. Адамдар милицияга арыз жазууну каалабай калышты, анткени алар натыйжаны жана жардамды көрүшпөйт. Кагаз жүзүндө эмес, реалдуу алдын алуу иштери керек.
Эрулан Кокулов

Кокулов укук коргоо органдарынын айрым мыйзам бузууларга тез реакция жасап, ал эми интернет алдамчылыгы сыяктуу олуттуу маселе боюнча иш-аракеттердин жоктугун айтты.

Азыр туура эмес лайк койсоң, дароо тергөө иштери жүрөт. Ал эми бул жерде алдамчылар иштеп жатат, бирок милиция тарабынан эч кандай аракет жок.
Эрулан Кокулов

Ошондой эле депутат мамлекеттик органдардын түшүндүрүү иштеринин форматын сынга алды. Ал боюнча алдын алуу маектеринде аз сандагы тааныш адамдар гана чогултулуп жатканын айтты.

«Биз сиздердин түшүндүрүү иштериңиздерди билебиз — өз тааныштарыңардын 15 кишисин чогултуп, маек өткөрүп жатасыздар. Ал эми мен бул маалымат ар бир студентке, ар бир жаранга жетүүсүн каалайм», — деп баса белгиледи депутат.