Медиа инсандар жарандарды алдамчылардын айла-амалдарына алдырбоого жана өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга чакырышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынан (ИИББ) билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, алдамчылар өзүн банк кызматкерлери, укук коргоо органдары же мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катары көрсөтүп, акчаны «коопсуз эсептерге» которууну талап кылышы мүмкүн. Ошондой эле алар ар кандай себептер менен жеке маалыматтарды алууга аракет кылышат.

Алдамчылыктын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

  • Белгисиз тиркемелерди орнотпоо
  • Телефонго алыстан башкаруу мүмкүнчүлүгүн бербөө
  • Бөтөн адамдардын суранычы менен кредит албөө
  • Шектүү маалыматтарды расмий булактар аркылуу текшерүү