26-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда банк чөйрөсүндөгү жана интернеттеги алдамчылык кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча парламенттин токтомдорунун аткарылышы талкууланды. Бул талкуу учурунда депутат Таалайбек Масабиров жасалма интеллектти колдонуу менен түзүлгөн алдамчылык жарнамалардын интернетте кеңири тарап жатканына көңүл бурду.

Депутат мындай схемалардын бир түрү катары бала атасына 210 миң сомдук бонус утуп алганын айтып, бул акчаны энесинин туулган күнүнө белек катары колдонууну сунуштаган видеороликтерди мисал келдирди.

Балдар мындай жарнамаларга тез ишенет. Аларга 5–10 миң сом салууну сунуштап, 200 миң сомдук утуш убада кылышат. Мындай жарнаманы бөгөттөөгө болобу?
Таалайбек Масабиров

Улуттук банктун Киберкоопсуздук жана маалыматты коргоо башкармалыгынын башчысы Азамат Карабаев социалдык тармактарда мындай учурлар кеңири жайылганын тастыктады. Анын айтымында, алдамчылар ошондой эле жарандарга мурда уурдалган акча каражаттарын кайтарууга жардам беребиз деген жарыяларды да жайгаштырышат.

Бирок, Улуттук банктын мындай контентти бөгөттөө боюнча ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жок экенин Карабаев белгиледи. Бул маселени чечүү үчүн укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик мекемелер менен биргелешип иштөө зарыл.