Rheinmetall коргоо концерни Украинада артиллериялык снарядтарды чыгаруучу ишкана куруудан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Армин Паппергер инвесторлор менен болгон Capital Markets Day жолугушууда айтты.

Паппергердин айтымында, Украина учурда алыс аралыкка уруучу артиллериялык ок-дарыштарды өз алдынча өндүрө албайт. Бул жагдай долбоордун келечегине таасир этиши мүмкүн.

Буга чейин, 2024-жылдын октябрь айында Паппергер компания Украинада курал-жарак чыгаруучу төрт ишкана куруп жатканын, алардын бири ишке киришкендигин билдирген. Бирок азыркы маалыматтар пландардын өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөтүүдө.