Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамалык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясында (COP31) сел жана суу ташкыны процесстерин алдын ала айтуу үчүн колдонмо санариптик чечимдерди сунуштайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Турциянын Анталья шаарындагы Кыргызстандын улуттук павильонунда 16-ноябрь күнү саат 12:00дөн 13:00гө чейин «Сел жана суу ташкынын алдын алуу боюнча колдонмо чечимдер» деген темада атайын иш-чара өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты — Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан RESILAND CA+ долбоорунун орто мөөнөттүү натыйжаларын жана анын экинчи фазасынын келечегин талкуулоо.

Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча маселелерди карашат:

  • Прогноздоо жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү
  • Санариптик инфраструктураны түзүү
  • Коргоо курулмаларын башкаруу инструменттери