Чүй облусундагы айланма жолдо 14-августта жол кырсык катталды. Окуяга күбө болгондор билдиргендей, кырсыктын кесепетинен бир адам жаракат алды.

Окуя болгон жердин видеотасмасында жолдо бир жаран жаткан көрүнөт. Учурда кырсыкка байланыштуу бардык маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.