12-июлда болжол менен саат 15:40 чамасында Чүй облусунун Москов районундагы Беловодское айылында жол кырсыгы катталды.
Кырсык Бишкек—Кара-Балта трассасынын айланма участогунда, тактап айтканда, Беловодское айылынын аймагында орун алган.
Жол кырсыгына жеткирүү кызматынын курьеринин скутери менен жеңил автоунаа катышкан.
Окуя болгон жерге жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, кырсыктын себептери жана кесепеттери боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.










