12-августта Бишкек шаарында Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн жанына канализациялык кудукка эркек киши түшүп кеткен.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Окуяга борбордук министрликтин беш куткаруучусу тартылды.

Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды коопсуз чыгарууга жетишти.

Андан соң жарандын абалына баа берүү үчүн аны ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жарандын саламаттыгы канааттандырарлык болуп, медициналык жардам талап кылынган жок.