Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин Чүй облусундагы регионалдык башкармалыгы Чапаев — Кегети — Арпатекир автожолундагы асфальт-бетон катмарын төшөө сапатын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 3,2 километр аралыкта асфальт-бетон катмарын төшөө иштери курулуш ченемдери, эрежелери жана жол курулушу үчүн белгиленген ченемдик-техникалык талаптар бузулуп аткарылгандыгы аныкталды.

200 000 сом айып пул

Текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчы уюмга айып пул салынды.

Текшерүүдөн кийин «Дол Нур ЛТД» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аныкталган бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилген. Көрсөтмөгө таянып, подрядчы талапка жооп бербеген асфальт-бетон катмарын демонтаждады. Учурда жол катмамын төшөө иштери бардык технологиялык талаптарды сактоо менен кайрадан аткарылууда.

Департамент жол курулуш иштеринин сапатын жана курулуш ченемдеринин сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөп турууну улантат.