17-ноябрда Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Антон Семёнович Шальнов менен коштошуу аземи өттү. Turmush корреспондентинин маалыматы боюнча, ветеран менен коштошууга шаардын тургундары катышты.
Антон Шальнов 1927-жылы 11-августта Смоленская облусунда төрөлгөн. Согуш жылдарында ал аскердик кызматка чакырылып, окуу батальондорунда даярдыктан өткөн. Андан кийин Белорус фронтунда танк аскерлеринин курамында кызмат кылган.
Согуштан кийин ал өз жашоосун Кара-Балта шаары менен байланыштырган. Ал шаардын автобазасында айдоочу болуп иштеген.
- «Японияга каршы жеңиш үчүн» медалы
- Жуковдун медалы
Панихида учурунда ветерандын адамдык сапаттары жана согуштук баскан жолу тууралуу айтылды. Ошондой эле, Кыргызстанда согуштун катышуучуларынын саны боюнча маанилүү маалымат берилди.











