Тоолордо жоголуп кеткен баланын изи менен издеп жүргөн альпинист Мирлан Кутуев Амирдин акыркы походундагы бир окуяны айтып берди. Аны акыркылардан болуп көргөн туристтер Амирдин меймандостугун эстеп калышкан.
Кутуевдин айтымында, туристтер Амирди көрүшкөн учурда ал аларды алма менен даам таттырып, меймандостугун көрсөткөн.






