Токмок шаарында эркектер жана кыздар арасында дзюдо боюнча Чүй облусунун биринчилүгү өттү. Айрым маалыматтарга таянсак, мелдештерге жалпысынан 180 дзюдоист катышты.

180дзюдоист катышты
5Жайыл районунан спортчу катышты
1күмүш медаль алды

Жайыл районунун спортчулары Козубай Шеркозуевдун жетекчилиги астында мелдештерге катышты. Алардын ичинен 70 кг чейинки салмак категориясында Милана Бекмурзаева экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль алды.

Жеңишке жеткен спортчу Чүй облусунун физикалык маданият жана спорт башкармалыгы тарабынан эстелик медаль жана диплом менен сыйланды. Ошондой эле ал өлкө масштабдагы чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.