Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) социалдык тармактарда Кемин районундагы «Алтынкен» ЖЧК посту аркылуу жарандардын жөө өтүүсүнө жана транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө чектөөлөр бар деген маалымат чындыкка коошпой турганын расмий билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы жарыялады.

ИИБдин маалыматы боюнча, «Алтынкен» посту аркылуу өткөн жол жалпы пайдалануудагы жол болуп саналат. Жарандардын жөө өтүүсүнө же транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө жалпы чектөөлөр киргизилген эмес. Жергиликтүү тургундар жолду белгиленген тартипте сутканын каалаган убагында тоскоолдуксуз колдоно алышат.

Басма сөз кызматы социалдык тармактарда тараган видео боюнча да түшүндүрмө берди. Ага ылайык, 5-август күнү эртең менен «Көк бөрү» ат оюндарынын бардык катышуучулары «Алтынкен» постунан эч тоскоолдуксуз өтүп, оюн өткөрүлгөн «Өк-Торгой» жайлоосуна багыт алышкан.

Оюн аяктагандан кийин кээ бир катышуучулар мелдеште колдонулган улак менен жалпы пайдалануудагы жол аркылуу өтүүгө аракет кылышкан. «Көк бөрү» оюнунун экстремалдык мүнөзүн эске алуу менен, жол боюндагы өндүрүш объектилеринин мүлкүнө зыян келтирбөө жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Оюндар аяктагандан кийин бардык катышуучулар «Алтынкен» посту аркылуу жалпы пайдалануудагы жол менен эч тоскоолдуксуз өтүшкөн. Жарандардын өтүүсүнө же бул жолду пайдалануусуна жалпы чектөөлөр киргизилген эмес деп баса белгиленди.