Ички иштер министрлиги 30-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги ири иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында коомдук тартипти бекемдөө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн чараларды киргизерин билдирди.
Бишкек шаарында унаа кыймылы «Манас» эл аралык аэропортунан баштап, Васильевский тракты, Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспекттеринде, ошондой эле Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Абсамат Масалиев проспекти, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулова көчөлөрүндө чектелет.
Чүй облусунда да бир нече жол боюнда унаа жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ысык-Көл облусунда болсо «Тамчы» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол, ипподромдун аймагы жана Кыркынч капчыгайына чыкчу жолдун айрым бөлүктөрүндө унаа кыймылы чектелет.
Бул чаралар дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү алдындагы ачык иш-чаралардын даярдыгынын алкагында «Бишкек Арена» стадиону жана анын тегерегиндеги аймактарда репетициялар учурунда унаа кыймылынын убактылуу чектелиши менен байланыштуу.
Ички иштер министрлиги шаар тургундары жана меймандарынан ушул чараларды түшүнүү менен кабыл алып, жол кыймылын алдын ала пландаштырууну суранат.