Чүй облустук ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кечки саат 17:00дөн баштап Иссык-Күл—Бишкек багытындагы транспорт агымында олуттуу өсүү күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Бул тыгындар көл жээгиндеги эс алуучулардын массалык түрдө борборго кайтуусуна байланыштуу келип чыгат. Ошондой эле жолдун айрым бөлүктөрүндө жүрүп жаткан ремонттук иштер дагы кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.

Айдоочуларга жолдо убакытты жана тыгындарды эске алуу менен өз сапарларын алдын ала жакшылап пландап алууга чакырык түштү.