Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан менен чектеш жердеги тосмолордун сапат текшерүүсүндө тартылган видеого өз пикирин айтты.

Видеону кызматтык инспекция учурунда чек арачылар өздөрү тартып алышкан. Алынган материалда бир нече тосмонун бетон устунунун маркырагы толук калыптана электиги жана технологиялык тартиптердин сакталышы текшерилгени айтылат.

Чек ара кызматы видеонун максаты кемчиликтерди жашыруу эмес, тескерисинче, аларды убагында аныктоо жана алардын алынышына карата чара көрүү экендигин баса белгиледи. Учурда видеону социалдык тармакка тараткандардын жоопкерчилиги териштирилип жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмү видеонун кызматтык колдонуу үчүн гана болуп, ким тарабынан жана кандай себептер менен коомчулукка чыгарылганын иликтөөдө.

Мындан тышкары ведомство видеонун маңызын бурмалаган жана чындыкты туура чагылдырбаган айрым пикирлерге укуктук баа берилээрин билдирди. Эгерде мыйзам бузуу фактылары табылса, тиешелүү органдарга өткөрүлмөкчү.