Кыргызстандык Кемель Мекен Beast Games («Мистер Бисттин оюндары») аттуу масштабдуу реалити-шоунун үчүнчү сезонунда өлкөнү өкүлдөйт. Бул долбоорду дүйнөнүн эң популярдуу видеоблогерлеринин бири болгон Джимми Дональдсон, таанымал ат менен MrBeast катары белгилүү блогер түзүп чыккан. Кемель Мекен бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасында маалымдады.
Достор, мен дүйнөдөгү эң масштабдуу реалити-шоуда Кыргызстанды өкүлдөйм!
Кемель Мекендин айтымында, шоунун үчүнчү сезонунун премьерасы 16-декабрда Amazon Prime Video стриминг платформасында болот. Ал долбоордун шарты боюнча контракттын талаптарына байланыштуу, шоу чыга элекке чейин кененирээк маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.
Beast Games — бул катышуучулар чоң акчалай сыйлыктар үчүн ар кандай физикалык, интеллектуалдык жана психологиялык сыноолордон өтүүчү мелдеш түрүндөгү реалити-шоу. Жаңы сезон Beast Games: World Champions деп аталат жана анда 196 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.








