Ала-Арчада 11 өлкөнүн тоо куткаруучуларынын эл аралык машыгуулары
99 акысыз·
Коом
Ала-Арчада 11 өлкөнүн тоо куткаруучуларынын эл аралык машыгуулары өтүүдө
Кыргызстандагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында тоо куткаруучулар үчүн XII эл аралык окуу-машыгуу сборалары өткөрүлүп жатат. Ага 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу максатында бийик тоо шартында куткаруу иштерин жүргүзүү, аскада жүрүү жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүшүүдө.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында Жарандык коргонуу эл аралык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн тоо куткаруучуларынын XII эл аралык окуу-машыгуу сборалары уланууда.
Бүгүнкү күндө катышуучулар аскага чыгуу боюнча практикалык сабактарга негизги көңүл бурушууда. Куткаруучулар аскалуу тилкелерде кыймылдоо, бийиктиктен өйдө көтөрүлүү жана ылдый түшүү, ошондой эле тоолуу аймактарда куткаруу иштерин жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүп жатышат.
Буга чейинки күндөрү катышуучулар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактарды өтүп, тоодогу жаракаттарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү алгоритмдерин машыгышкан.
Окуу-машыгуулар учурунда чет өлкөлүк адистер кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте куткаруу операцияларын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүп, тажрыйба алмашууда.
Тоо-куткаруу даярдыгы боюнча эл аралык курстардын расмий ачылышы 4-августта Бишкек шаарында, Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун колдоосу менен болгон. Ачылыш аземине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов катышкан.
“
2012-жылдан бери бул курстар куткаруучуларга тажрыйба алмашууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берип келет.